Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Ысык-Көлдө велотур учурунда эки адам жабыркады


Аймактагы кабарчыбыз Мария Колесникованын айтымында, велотур учурунда бир кыздын буту сынып, бир баланын колу-буту сыйрылган. Буту сынган кыз Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди. Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Аалам-Ордо комплексинде жеңүүчүлөр сыйланууда.

Бүгүн туризм тармагын жана велоспортту өнүктүрүү максатында Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде велотур уюштурулган. Ага Кыргызстан, Казакстан, АКШ жана башка өлкөлөрдөн 250 адам катышты. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG