Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Коло доорундагы буюмдар табылууда


Нарын шаарынын батыш тарабында курулуп жаткан Борбор Азия университетинин аймагында коло доорундагы көрүстөндөр, буюмдар табылууда.

Учурда ал жерде “Манас” университетинин профессору, археолог Кубат Табалдиев уюштурган археологиялык казуулар жүрүүдө.

Археологиялык изилдөөлөр башталганына Нарын шаардык кеңештин депутаты Автандил Молдосалиев себепкер болгон десек болот. Бала кезинен тарыхый көрүстөндөр бар экенин билген ошол жердин жашоочусу Борбор Азия университетинин курулуш иштери менен көрүстөндөр талкаланып жатканын айтып чыккан:

- 89-жылы бала кезимде ойноп жүргөн учурда ушул жерге окумуштуулар келип, казып жатканын көрдүм эле. 2012-жылы Кубат Табалдиевдин китебинин бет ачары болгондо тарыхый мурастарды сактоо тууралуу сөз болгон эле. Ошондо мен Азия университетинин жетекчиси Богдан Кравченкого "силердин университет курулуп жаткан жерде биздин тарыхый мурастар бар, силер аны талкалап казып жатасыңар" дегем. Ал киши курулушту токтоторун айтып, сөз берген. Ошентип мен археологдорго айтып, казуу иштери башталды.

Учурда казуу иштерине жетекчилик кылып жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин археология кафедрасынын окутуучусу Орозбек Солтобаев ушул жерден биздин заманга чейинки болжолдуу 1400-жылга таандык коло доорундагы уникалдуу буюмдар табылып жатканына токтолду:

- Чындыгында эле тарыхый эстеликтер бар. Кыргызстанда, атүгүл Борбор Азиянын аймагында кездешпеген уникалдуу байыркы сак, усун жана түрк урууларынын мурда илимде белгисиз болгон эстеликтери ачылып отурат.

Археологиялык казуулардын чыгымдарын Борбор Азия университети көтөрүүдө. "Көрүстөндөр табылган жерге имарат курбайбыз" дейт университеттин жетекчиси Богдан Кравченко:

- Менимче ал эстеликтер эмес, эски сактардын көрүстөндөрү го. Илгери эле ал жактан бир нерселерди алып кетишсе керек. Ал жерге эми эч кандай имарат тургузбайбыз.

1940-жылдары профессор Александр Бернштам, 1953-1956-жылдары Ахмад Кибиров тарабынан аталган аймактарда археологиялык казуу иштер жүргүзүлгөн экен. Мыйзамга ылайык тарыхый археологиялык жактан баалуу болгон жерлерди менчиктештирүүгө болбойт.

"Борбор Азия университетинин имаратын курууга 252 гектар жер чексиз мөөнөткө мыйзамсыз берилип кеткен" дейт "Ак-Шам" партиясынын лидери Эрлан Сапарбаев:

- Айгыр жал-1, Айгыр жал-2 деп, жанагы көрүстөндөрдүн жанында казуулар болуптур. Мыйзамда "баалуу тарыхый жерлер менчикке берилбейт" деп жазылган. Анан бул "Ага Хан" фондуна өтүп кетип жатпайбы.

Нарынга август айларынын ортолорунда археолог Кубат Табалдиев менен бирге Новосибирск шаарынан атайын кызыгып окумуштуу Юрий Худаков келет. Орозбек Солтобаев баары изилденип бүткөндөн кийин табылган буюмдар Нарын музейине өткөрүлүп берилерин айтты:

- Биз изилдөө иштери жүргөндө табылгалар кыргыз мамлекеттик музейлерине берилет деген демилге көтөрүп жатабыз, керек болсо Нарын шаарындагы кичинекей тарыхый музей бар. Бул аймакта чогулган буюмдардын баарын ошол жакка алып барабыз.

Азыр казуу иштерине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин археология кафедрасынын он бештей студенти тартылды. Изилдөө качан бүтөөрү белгисиз. Ал эми “Ага Хан” эл аралык кору куруп жаткан Нарындагы Борбор Азия университетинин имараты 2016-жылы бүткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG