Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Теннисчи Серена Уильямс - Олимпиаданын жеңүүчүсү


Америкалык теннисчи Серена Уилямс орусиялык Мария Шарапованы жеңип, алтын медаль алды. 30 жаштагы Уилямс финалдык беттешүүдө Шарапованы 6:0 жана 6:1 эсебинде өтө ишенимдүү утту. Бул Уильямстын Олимпиада ондарында жеңген үчүнчү алтын медалы. Ал эжеси Винус менен жупташ атаандаштыкта Бээжиндеги жана Сиднейдеги олимпиадада биринчи болушкан эле. Лондон олимпиадасында Орусия командасынын алтаны болгон Шарапова күмүш медаль алды. Коло медаль үчүн беттеште беларус Виктория Азаренко орусиялык Мария Кириленкону утту.

Жалпы медалдардын саны боюнча АКШ биринчи, Кытай экинчи, Британия үчүнчү, Түштүк Корея төртүнчү баратат.

Казакстан төрт алтын медель менен тогузунчу, Орусия эки алтын, 13 күмүш жана 9 коло медаль менен 10-орунда. Бүгүнкү күнгө чейин Монголия бир күмүш, бир коло, ал эми Өзбекстан жалгыз коло медаль утту.

XS
SM
MD
LG