Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Кыргызстанда дан эгиндеринин жыйноо жарымдап калды


Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө дан эгиндеринин дээрлик 48 пайызы жыйналды. Өлкө боюнча жалпы 474 миң гектардан ашык аянтка буудай, арпа себилген. Азырынча алардын 230 миң гектары орулуп бүттү. Жыйноо иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка аймактарда уланууда.

Маалыматка ылайык, быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү аз болууда. Былтыр бир гектардан алынган буудай орто эсеп менен 24 центнер болсо, быйыл орточо түшүмдүүлүк 17 центнерге барабар болуп жатат. Быйыл адаттагыдай өлкө боюнча Чүй облусунда эң көп дан эгиндери айдалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG