Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Карзай парламенттин чечимин колдоду


Ооганстан президенти Хамид Карзай өлкө парламентинин чечимин колдоп, коргоо жана ички иштер министрлерин кызматтан кетирерин билдирди. Бирок алар ордуна жаңы адамдар дайындалмайынча жумушун аткара берет. Мындай билдирүүнү Карзай Улуттук коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында жасады.

Ишемби күнү депутаттар өлкөнүн коргоо министри Абуд Рахим Вардак жана ички иштер министри Бисмилла Мухаммаддини жакында жогорку кызматтардагы адамдарга болгон кол салуу жана Пакистанга чектеш аймактардын калкынын Пакистан тараптан аткылоодон улам там-жайын таштап кетип жатканына жооптуу деп күнөөлөшүп, аларга ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG