Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Сириянын Алеппо шаары уруштун койнунда


Алепподогу Азаз мечитинин урандысы, 2-август, 2012-жыл
Алепподогу Азаз мечитинин урандысы, 2-август, 2012-жыл

Cириянын cоодо борбору эсептелген Алеппо шаарында президент Асадга ишенимдүү аскерлер менен козголоңчулардын ортосунда катуу уруш жүрүүдө.

Батыштын айрым булактарынын кабарлашынча, Алеппонун ар тарабына өкмөт 20 миңдей аскер топтогон. Кээ бир серепчилер 2 миллион калктуу Алепподогу согушту - Асаддын өкмөтүнүн тагдырын чечүүчү согуш деп да аташкан.

Жекшемби күнү Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарындагы көтөрүлүшчүлөрдүн өңүттөрүнө артиллериялык куралдардан жана авиациядан дембе-дем сокку уруп жатканы кабарланды.

Сириядагы адам укуктарына көз салган уюмдун маалымдашынча, 5-августта армия 2 миллиондуу шаардын түштүк батышындагы адаватчылардын ээлигиндеги Салахиддин районун оор аскерий техникалардан тынбай аткылап жатты.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм жекшемби күнү Сирияда болгон кагылыштарда 24 карапайым жаран жана 10 аскер набыт болгонун билдирди. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Алеппо шаарын Бириккен улуттар уюму 1986-жылы Дүйнөлүк мурастардын тизмесине “Байыркы калаа” деп кошкон.

Президент Асаддын өкмөтү козголоңчулар Дамасктагы акыркы өңүтүнөн артка сүрүлүп салганын жар салды. Бул тушта эрегишчилер “катуу чабуулга” камданып жатканын билдирди. Өкмөт тарап болсо азыркы чабуулдар күчтүү чабуул эми болоорун эскертти.

Ал эми ишемби күнү Дамасктын чет жакасында уурдалган ирандык 48 зыяратчынын дареги белгисиз. Иран дипломаттары жана Сириянын өкмөттүк телеканалы зыяратчыларды “куралдуу топтор уурдады” дешип, көтөрүлүшчүлөр жакка ишара кылышты. Дубайда жайгашкан “ал-Арабия” телеканалы жекшемби күнү ирандыктарды уурдаган адватчылардан келген видеотасманы көрсөттү.
Анда оппозициядагы Эркин Сирия армиясынын формасындагы офицер барымтага алынган ирандыктарды Ирандын ыңкылапчыл гвардиясынын кызматкерлери деп күнөөлөйт.

“Дамаскка чалгындоо миссиясы менен келген Ирандын жарандык милициясы-шабиянын 48 адамын колго түшүрдүк. Алардын айрымдары Ирандын ыңкылапчыл гвардиясынан экени аныкталды”, - деди “ал-Бараа бригадасынын” козголоңчуларынын офицери.

Расмий Тегеран Түркияга менен Катарга кайрылып, барымтадагы букараларын бошотууга көмөктөшүүнү сураганы, эки өлкө жардамдашканга макулдук бергени маалымдалды.

Ирандын өкмөттүк булактарынын билдиришинче, буга чейин уурдалган бир нече ирандык Түркиянын арачылыгы менен бошотулган.

БУУнун эсебинде, Сирияда 17 айдан бери жүрүп жаткан куралдуу тополоңдо 19 миңдей адам апаат болгон.

XS
SM
MD
LG