Бүгүн Бишкекте атомдук бомбага кабылган Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларынын курмандыктарын эскерүү өтөт. Анын алкагында өзөктүк куралдын кесепети боюнча маалымат берилип, даректүү тасмалар көрсөтүлөт, кагаздан турналар жасалат.
1945-жылы 6-август күнү АКШ Жапониянын Хиросима шаарына өзөктүк бомба таштаган. Бул жерде бир ай ичинде эле 140 миңдей адам өлгөн. Үч күндөн кийин, 1945-жылдын 9-августунда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө өзөктүк бомба Нагасаки шаарына ташталган. Андан шаарда 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (EBM)