Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Көлгө барчу жолдо эки күндө сегиз адам мерт кетти


Бишкектен Ысык-Көл тарапка кетчү унаа жолдо эки күндө сегиз адамдын өмүрү кыйылды. Дагы алты адам ооруканада. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

2-августта Ново-Покровка айылында эки адам набыт кетип, дагы экөө жараат алган. Ошол эле күнү Токмоктун тушунда беш адам мерт кетип, төртөө ооруканага түшкөн. 3-августта да ошол эле жакта бир адам унаа кырсыгында набыт болду.

Көлгө эс алганы баргандардын көбү унаа жолдо жүрүү кооптуу болуп калганын айтууда. Себеби мурдагыдай жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлерин - МАИчилерди өкмөт алып салып, айдоочулардын көбү жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузуп жатат.

2-августта мекендештер форумунда сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкек - Ысык-Көл унаа жолунда бир да МАИчи жок экенин, 31-августтан тарта Бишкекте да бул кызмат жок кылынаарын жетишкендик катары айткан. Өкмөт мындай жол менен көлгө көбүрөөк турист тартуу жана МАИдеги коррупцияны жоюу максатын көздөп жатканын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG