Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Египет менен Израилдин чек арасында египеттик 13 полциячы окко учту


Египет президенти Мохамед Морси Синай жарым аралын кайрадан “толук көзөмөлгө” алаарын билдирди. Кечээ куралчан адамдар Египет менен Израилдин чек арасындагы текшерүү пунктуна кол салып, бери дегенде 13 египеттик полициячы набыт болгон. Израилдин айтымында, кол салгандар эки машина менен келип, чек арадан өтүүгө аракеттенишкен. Бир машина өткөөлдө жарылып, экинчисине израилдик ракета тийген.

Египеттин коопсуздук кызматынын жогорку өкүлү кабарлаганына караганда, кол салгандар Газа тилкесинен кирип келген “жихадчилар” болчу. Мамлекеттик маалымат каражаттары Хамас тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкеси менен чек арадагы Рафах пункту убактылуу жабылды. Акыркы жылдын ичинде Синай жарым аралында болгон бир нече жардырууну радикал исламчылар уюштурушкан деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG