Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Лондон-2012: Кытай кайрадан биринчи орунда


Лондон Олимпиадасында кечээ ирандык балбан Хамид Мохаммад Сорян Рейханпур өлкөсү үчүн биринчи алтын медаль жеңди. Грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмактагы финалдык таймашта ал азербайжандык балбанды утуп алды. Чемпион ага чейин кыргызстандык балбан Арсен Эралиевди жеңген.

Жеңил атлетикада казакстандык Ольга Рипакова узундукка секирүүдө биринчи орунду ээледи. Казакстан ошентип 6 алтын утту. Медалдардын саны боюнча Кытай 61 медаль менен кайрадан биринчи сапка чыкты, Америкалык спортсмендер азырынча 60 медаль тагынды.

XS
SM
MD
LG