Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Чымкенттеги өрт бир кыргыз жаранынын өмүрүн жалмап кетти


Кыргызстандын Казакстандагы консулу Эдуард Насировдун “Азаттыкка” айтымында, Чымкенттеги “Бекжан” деп аталган ири базардагы өрттөн Ош облусунун тургуну, 1980-жылы туулган Каныбек Мамасадыков ажал тапты. Учурда анын сөөгүн мекенине жиберүү аракеттери көрүлүүдө. “Чымкентте анын апасы, эжелери бар экен. Алар документтери өрттөнүп кеткенин айтып жатышат. Тиешелүү документтерди даярдап, чек арадан өткөрүү аракеттери көрүлүп жатат”, - деди Насиров.

3-августта эртең мененки саат бештерге жакын Казакстандын Чымкент шаарындагы “Бекжан” базарында өрт чыккан. Казак маалымат каражаттары аталган базарда 7 миңдей орун бар экенин, жалпысынан базардын 7 миң чарчы метри күйгөнүн жазып чыгышты.

Консул Эдуард Насировдун айымында, Чымкентте иштеген 1200 кыргызстандык консулдук каттоодо турат. Алардын дээрлик бардыгы базарда соода кылат. Ал эми жеке ишкер Жоодар Разаков 5 миңдей кыргызстандыктын товары күйүп кеткенин “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG