Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Кара-Балтада уу зат алып өтөм деген аял кармалды


Кыргызстандын бажы кызматкерлери Кара-Балта шаарынын аймагында радиациялуу зат алып бараткан аялды кармады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев билдирди.

Кыргызстандын жараны, 1950-жылы туулган Ахметакунова Паризахан бир килограммга жетпеген жүк алып бараткан.

"Кен заттарынын урандыларынан чогултуп алган өзүнчө бир оромо бар экен. Анын ичин текшергенде рентген нуру 50 эсе ашык болуп чыкты", - дейт Малдыбаев.

Кармалган аял кыргызстандык тартип коргоо кызматкерлерине берген түшүндүрмөсүндө ал ичинде эмне бар экенин билбегенин, болгону Казакстан тарапка өткөрүп бергиле деп бирөөлөр суранганын айтты. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG