Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Египет Рафах чек ара пунктун убактылуу жапты


Египеттин Газа тилкеси менен чектеш Рафах көзөмөл пунктуна дем алыш күнү кол салуу болуп, 16 египет аскери жана чек арачылары набыт болду. Дагы жети киши жараат алганы кабарланууда. Кол салган жихадчылардын тобу эки бронетранспортерди алып, Израилдин аймагына өтүп кетишкен. Израил аскер кызматкерлеринин билдиришинче, эки машиненин бири жолдо келе жатып түндүк Синайда жарылган, экинчисин Израил авиациясы атып жок кылган.

Египеттин президенти Мохамед Мурси аскер кызматкерлери менен өткөргөн шашылыш жыйындан кийин Синай жарым аралы толук көзөмөлгө алынарын билдирди. 30-июнда жаңы кызматка келген президент Мохамед Мурси - Хосни Мубарактын режими кулагандан кийинки Египеттин эркин шайланып келген алгачкы президенти болуп калды.

XS
SM
MD
LG