Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Киши өлтүрдү делген милиция кызматкери ишинен алынды


Бишкекте Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Арстанбек Ормушев ээлеген кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.

Бабанов Ормушевдин күнөөсү барбы, жокпу, сот аныктаарын, бирок ал тиешеси бар жол кырсыгында адам өмүрү кыйылгандыктан бул кызматта иштөөгө моралдык укугу жок экенин айтты.

Быйыл 29-майда кечки 11де Бишкекте жол кырсыгында бир адам каза тапкан. Аны машинеси менен коюп кеткен адам Ормушев экени, Ошол учурда ал мас болгону айтылган. Бирок жакында сот Ормушевдин күнөөсү жок деп аны актаган чечим чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG