Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Израиль: Синайдагы кол салуу - Египетке коңгуроо


Белгисиз согушкерлер Израилдин Керем Шалом чек ара бекетинде жардырган унаа. 5-август, 2012-жыл.
Белгисиз согушкерлер Израилдин Керем Шалом чек ара бекетинде жардырган унаа. 5-август, 2012-жыл.

Египеттин президенти Мухаммад Мурси Синай жарым аралында толук көзөмөл орнотууну убада кылды. Ал мындай билдирүүнү белгисиз куралчандар Египет-Израиль чек арасындагы көзөмөл бекетке кол салып, бери дегенде он беш сакчыны мерт кылгандан соң жасады. Кол салууну уюштургандарды учурда эки тарап тең издеп жатат.

Египеттин, Израилдин жана Палестинанын Газа секторунун чек аралары тогошкон көзөмөл бекетке жекшембинин кечинде жасалган кол салууну Израиль Египет үчүн “коңгуроо” деп атоодо.

Ага катар Израиль тараптын ырастоосунда, алар өлкө жарандары кириптер болушу мүмкүн ири чабуулдун алды ала алышты.

Израилдин коргоо министри Эхуд Барак дүйшөмбүдө өлкө парламентинде сүйлөгөн учурунда буларды белгиледи:

- Окуя башталгандан тартып, биз эмне болгонун түшүнүү, балким жардам да алыш үчүн египеттиктер менен байланышта болдук. Менин пикиримде, мындан чоңураак кол салуу алдын алынды. Бул абдан маанилүү. Бүткүл чек ара боюнча жүргөн уруштагы операция ийгиликтүү аяктады. Балким бул египеттиктерге чек аранын өз тарабында көзөмөлдү күчөтүүсү үчүн чындап кооптондурган коңгуроо.

Окуя болгон жерге Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Эхуд Барак келишти. 6-август, 2012-жыл.
Окуя болгон жерге Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Эхуд Барак келишти. 6-август, 2012-жыл.
Израилдин коргоо министри Эхуд Барак парламент жыйынында кошумчалагандай, чек аранын алар тарабына өтүүгө үлгүргөн брондуу унаага аскерий учактар урган соккудан кийин сегиз согушкердин сөөгү табылган.

Белгисиз куралчандар Израиль тарапка өтүүгө аракеттенгенге чейин адегенде Египеттин көзөмөл бекетине кол салганда, кеминде он беш сакчыны мерт кылышып, эки брондуу унааны жана курал жаракты ээлеп алышкан.

Унаалардын бири Израилдин көзөмөл бекетине кирүү учурунда алар тарабынан жардырылган.

Израиль армиясынын басма сөз өкүлү, генерал Иоав Мордехайдын айтымында, чалгын кызматтары чек ара бекетине кол салыныш ыктымалдуулугу жөнүндө күн мурунтан кабар алышкан. Мындан улам чек арада көзөмөл күчөтүлгөн эле.

Өзү Израиль Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак бийликтен кулатылган бир жылдан ашуун убакыттан бери эле чөлдүү Синай аралдарында коопсуздук кырдаалы начарлап кеткендигин утур-утур айтып келген.

Синайды демлитаризациялоо эки өлкө 1979-жылы түзгөн тарыхый тынчтык келишимдин эң урунттуу бөлүгү болгон.

Соңку кандуу окуядан кийин Египеттин азыркы президенти Мухаммад Мурси армиянын жана коопсуздук кызматынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүп, Синайда толук көзөмөл орнотууну убада кылды:

- Армиянын, ички иштер министрлигинин жана чалгын кызматтардын жетекчилери менен жыйында биз Синайда толук көзөмөл жүргүзүү үчүн так жана даана көрсөтмөлөрдү берүүнү жана кылмыш жасагандардын сары изине түшүп, аларды кай жерде болбосун камоону макулдаштык.

Египеттин коопсуздукту тейлеген расмий өкүлдөрүнүн айтымында, кол салгандар “жихадчылар” жана алар Палестинанын Газа сектору тараптан киришкен.

Мамлекеттик маалымат каражаттары Египет аталган окуядан кийин Хамас кыймылы көзөмөлдөгөн Газа сектору менен чек арадагы “Рафах” өткөрмө бекетин жапкандыгын кабарлашты.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Синайдагы кол салуу Египет президентинин кызматына июнь айында эле киришкен Мухаммад Мурси үчүн алгачкы сыноолордун бири болот окшойт.

Египет бийлигинин коопсуздукту бекемдөө боюнча аракеттери расмий Каирдин Хамас согушчан тобу менен мамилесин татаалдаштырышы мүмкүн.

Өзү Хамас Египеттин президенти Мурси өкүлү болгон исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылы менен жакын мамилдеде деп эсептелинет.

Хамас өз билдирүүсүндө Египеттин коопсуздук күчтөрүнө жасалган кол салууну айыптап чыкты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG