Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Алты айда эле 99 ымыркай ташталды


Ушул жылдын 7 айында Чүй облусу боюнча 33 жаңы төрөлгөн баланы энеси таштап кеткен. Ал эми Кыргызстан боюнча алардын саны 99га жетет.

Мындай статистиканы облустун ички иштер башкармалыгы чыгарды. “Ал эми балдар үйүнө түшкөн балдардын саны мурдагыга караганда азайды, анткени багып алгандар көбөйүүдө” деп билдиришет балдар үйүнүн кызматкерлери.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармасынын ага инспектору Мүзүрбек Картанов ушул жылдын 6 айы боюнча ташталган ымыркайлар тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Быйыл 99 жаңы төрөлгөн бала ташталган. Алардын керектүү материалдары топтолуп, балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Баары эле үйлөргө жакын ташташат. Таштандыдан табылган 1-2 факт болгон, калганы көбүнчө үйдүн жанына ташталган балдар.

Мурда бала кимдин үйүндө табылса арасында багып алам дегендер көп болчу, эми жаңы мыйзам боюнча бала асыроо маселеси сот аркылуу гана чечилет. Өлкөдө балдар үйлөрүндө асыралган балдардын саны 20 миңден ашат.

Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлмира Ахматованын айтымында, алардын 80 пайызынын ата-энеси бар.

- Аймактардан келип, билбей алданып калган кыздар бар. Бул биринчи маселе болуп жатат. Экинчи маселе, социалдык-экономикалык абал, эң начар шартта жашагандар бар. “Мен бул баланы бага албайм” дегендер болуп жатат.

Кыргызстанда баласын таштоо фактылары жана таштанды наристелердин балдар үйлөрүнө батпай калуу көрүнүшү 2000-жылдан тарта көбөйгөн. Бирок акыркы 1-2 жылдан бери баласынан баш тарткандардын саны арткан менен наристелерди асырап алгысы келгендердин саны да көбөйгөнүн Дарылоо, алдын-алуу жардамы жана лицензиялоо башкармасынын башкы адиси Элнура Боромбаева ортого салды.

- Баласынан баш тарткандардын саны төрөт үйлөрүндө азайды. Баласын таштап кетсе да, 1-2 айдан кийин ойлонуп, кайра алып кеткендер болуп жатат. Мисалы, мурда Бишкектеги балдар үйүндө балдардын саны 120дан ашчу, азыр 80дей бала бар.

Аталган башкармалык көзөмөлдөгөн Бишкектеги балдар үйүнөн быйыл жыл башынан тарта 18 баланы асырап алышкан. Бирок асырагысы келгендер биринчи кезекте саламаттыгы таза балдарды тандашат.

Наристелер менен алектенген социалдык кызматтар болсо балдарды ата-энесине кайтаруу жана өз баласын тарбиялоого энени көндүрүү - эң негизги милдет деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG