Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Висконсинде 7 кишини атып салган адам аныкталды


Пентагон АКШнын Висконсин штатында 6 кишини атып кеткен адам мурдагы аскердик психолог экенин ырастады. 40 жаштагы Уэйд Майкл Пэйждин расисттик топтор менен байланыштары бар болчу деп болжолдонууда. Ал 1992-98-жылдары куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн. Пэйж жекшембиде сикхтердин ибадатканасында туш келди аткылай баштаган. Окко учкан 6 кишиден тышкары дагы 3 киши оор жараат алган. Алардын бирөө – полициячы кийин ооруканада жан берди. Ройтерстин маалыматына караганда, Пэйж соңку жылдары Түндүк Каролинадагы такыр баштардын тобуна кирчү. Индияда 16-кылымда пайда болгон сикхизм дининин жолдоочулары 11-сентябрь теракттарынан кийин аларды мусулмандар менен чаташтырылып алып, кол салган учурлар көбөйгөнүн айтып келишет.

XS
SM
MD
LG