Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Нарын: Түлеевдин тарапкерлери бийликке талап койду


Нариман Түлеевдин тарапкерлери анын камакка алынышында саясый себеп бар деп эсептейт. Бул тууралуу алар бүгүн Нарында өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

«Туристтик сезонго, орозо айына байланыштуу унчукпай келатабыз. Эгер бийлик акыйкат чечим чыгарбаса 20-августтан тарта мөөнөтсүз акцияларды баштайбыз” - дейт Түлеевди коргоо комитетинин теңтөрагасы Аскат Апсаматов.

20-августтан баштап жол тосуу, жөө жүрүш жана саясий ачкачылык сыяктуу нааразылык акциялар уюштурулаары айтылды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, азыр Жогорку Кеңештин “Ата Журт” партиясынан депутаты Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобус алып келүүдө ири зыян келтирген деп айыпталууда. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG