Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстанда райкеңештер жоюлат


Кыргызстанда райондук кеңештер жоюлат. Бул тууралуу мыйзамга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду. Өз алдынча башкаруу системасында мындан ары райондук кеңеш деген структура болбойт. Бул бийликти борбордон ажыратуу процессин жакшыртуу максатында жасалууда. Буга чейин райондук кеңештин депутаттары караган маселелер эми айыл жана шаар кеңештин биргелешкен жыйынында талкууланат. Кыргызстандагы 7 облуста 42 район бар. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG