Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ош: Эгемендүүлүк күнүнө даярдык башталды


Ошто Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата коюлуучу театрлаштырылган оюн-зоокко 400 студент жана 200 мектеп окуучусу катышат. Андан сырткары, аймактагы маданият кызматкерлери да тартылат. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришти.

Театрлаштырылган оюн-зооктун сценарийин режиссер Турат Муратов жазган. Сахнага коюучу да өзү. Негизги тема - мекенге болгон сүйүү жана ынтымак.

Бүгүн шаардын борбордук аянтында алгачкы репетиция башталды. Даярдык 30-августка чейин күн сайын эртең мененки саат 8ден 11ге чейин жүрөт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG