Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

8-августка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
7-12-августта республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөр жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн.

8-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Баткенде түнкүсүн 14...19 күндүз 30...35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20 күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, чыгыш тарабында 6...11, күндүз 21...26, чыгыш тарабында 23...28
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 20...25,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 8...13 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 33...35 градус болот.

Бүгүн (7-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21 градус болду.

XS
SM
MD
LG