Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШ: Сирия режими ичинен ирүүдө


Асаддын режиминен кол үзгөн Рияд Хижаб өкмөт башчылыкка быйыл 26-июнда эле дайындалган.
Асаддын режиминен кол үзгөн Рияд Хижаб өкмөт башчылыкка быйыл 26-июнда эле дайындалган.

АКШ Сирия президенти Башар Асаддын режими ичинен ирип жатат деп эсептейт. Ак үйдүн өкүлү мындай билдирүүнү Сириянын премьер-министри өлкөдөн качкандан кийин жасады. Бул аралыкта Иран Сирия аймагынан уурдалган жарандарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти Кошмо Штаттарга жүктөөдө.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, билгендердин айтымында, мурда деңиз жээгиндеги Латакия провинциясынын губернатору, кийин айыл чарба министри болгон Рияд Хижаб премьер-министрликке президент Асаддын бир тууганы Махир Асад менен жакшы мамилесинен улам келгендей.

“Нью-Йорк Таймс” менен маектешкен сириялык активисттердин бири былтыр алгачкы толкундоолор башталган кезде Рияд Хижаб оппозицияга тилектештик билдиргендей көрүнгөнүн, алгачкы демонстрациялардан армия жана полиция алыс кармалуусуна салым кошконун да айткан.

Өкмөт башчылыгына эки ай мурда эле дайындалган Рияд Хижабдын эми өзүнүн гана эмес, бир туугандарынын үй-бүлөсү менен бирге өлкөдөн качышы, АКШнын пикиринде, президент Башар Асаддын режими ичинен ирий баштаганынын анык белгиси.

Вашингтондон бул окуяны комментарийлеп жатып, Ак үйдүн өкүлү Жей Карни төмөнкүлөргө токтолду:

Рияд Хижаб
Рияд Хижаб
- Биз буга чейин күбө болгондой улам жогорку деңгээлдегилердин качышы – Асаддын бийлиги алсырап жаткандыгынын белгиси. Кырдаал азыр оппозицияга жана Сирия элинин пайдасына ойноодо. Качкандар өкмөттүн эң жогорку деңгээлине чейин жеткендиктен, Асад өлкөдө көзөмөл орното албай турганы түшүнүктүү. Анткени Сирия эли буга жол бербейт. Асад үчүн кан төгүүнү токтотуунун жана сириялыктарды алар кириптер болгон азап-тозоктон арылтуунун эң ыкчам жолу, кызматтан чегинип, бийлик Сирия элинин максат-мүдөөсүнө жооп берген өкмөткө тынч жана саясий жол менен өтүшүнө жол берүү.

Исламдагы диний масхабы боюнча суннит Рияд Хижаб Сирияда былтыр мартта тутанган козголоңдон бери өлкөдөн качкан же оппозицияга ыктаган бийлик өкүлдөрүнүн эң жогорку даражалуусу.

Буга чейин режимден кол үзгөндөрдүн арасында элчилер, министр орун басары, парламент депутаты жана генералдар болгон.

Сирия премьер-министри өз өкүлү аркылуу тараткан билдирүүсүндө Башар Асадын режимин “киши өлтүргүч жана террорчул” деп атап, “эркиндик жана ар-намыс” үчүн ыңкылаптын катарына кошулганын белгилеген.

Маалыматтарга караганда, адегенде Иорданияга качып өткөн Рияд Хижаб эми Катар мамлекетине жер котормокчу.

Уурдалган ирандыктар ким?

Бул аралыкта Иран Сирияда уурдалган ондогон жарандарынын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти Кошмо Штаттарга жүктөөдө.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө Швейцариянын Тегерандагы элчисин чакыртып, АКШ сириялык козголоңчуларды колдоп жаткандыктан уурдалган ирандыктардын өмүрү үчүн Кошмо Штаттар жоопкер болорун айткан.

Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле жоктугунан улам АКШнын Ирандагы иштерин Швейцариянын элчилиги алып барат.

Тегерандын ырастоосунда, өткөн ишембиде Дамасктын чет жакасынан уурдалгандар шииттердин Сириядагы ыйык жайына зыяратчылыкка баргандар. Бирок 48 ирандыкты кармаган сириялык козголоңчулар алар Ирандын элиталык аскерий бирикмеси - Революциянын сакчылар корпусунун мүчөлөрү экендигин жана Сирияга чалгындап келишкенин айтууда.

Козголоңчулардын өкүлү кармалган ирандыктардын үчөө 6-августта Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн аба соккусу учурунда мерт болгонун кошумчалады.

Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи уурдалган мекендештерин бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен Түркия жана Катар мамлекеттерине кайрылган. Ушул жана башка маселелердин тегерегинде Салехи бүгүн Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү белгиленүүдө.

Иран өзү Сирия президенти Башар Асадын режиминин жакынкы өнөктөшү катары саналса, Түркия козголоң башталгандан бери Асады кескин сындап келүүдө.

Ал эми уруш талаасына келсек, Алеппо шаарында кагылыштар уланып жаткандай. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары, 7-августта өкмөттүк күчтөр Алеппонун козголоңчулар колундагы аймактарына урган соккудан кеминде 25тей козголоңчу мерт болгонун билдиришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG