Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Аризона кыргыны үчүн айыпталып жаткан адам күнөөсүн мойнуна алды


АКШнын Аризона штатында саясий иш-чарага чогулган адамдарга ок ачкан Жаред Ли Лофнер күнөөсүн мойнуна алды. Былтыр 11-январда Тусон шаарында болгон окуяда конгрессмен Габриэл Гиффордс айым оор жараат алып, 6 кишинин өмүрү кыйылган. Федералдык судья Жаред Ли Лофнерге шизофрениядан дарылануу үчүн жазылып берген дарынын жардамы менен ал айыбынын оордугун түшүндү деген токтом чыгарган. Күнөөсүн мойнуна алуу менен ал өлүм жазасынан кутулуп, бирок өмүр аягына чейин абакка өкүм кылынышы мүмкүн. Конгрессмен Гиффордс азыр дарылануусун улантууда. Набыт кеткендердин арасында анын жардамчылары, 9 жаштагы кыз жана Аризонанын башкы федералдык судьясы бар болчу.

XS
SM
MD
LG