Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Башар Асад Ирандын чабарманын кабыл алды


Сириянын президенти Башар Асад кечээ Ирандын чабарманы, Аятолла Али Хаменеинин жардамчысы Саед Жалили менен жолугушту. Кездешүүнү Сириянын мамлекеттик телеканалы көрсөттү. Асад куралдуу күчтөр өлкөнү “террористтерден тазалайт” деди. Жалили болсо Тегеран Асад өкмөтүнө колдоосун уланта берет деп ишендирди. Асад 22-июлдан бери телеканалдарга чыга элек болчу. Ал күнү президент армиянын жаңы кол башчысы генерал Али Аюбду кабыл алган. Ага чейинки командачы Дамасктагы жардыруудан набыт болгон.

XS
SM
MD
LG