Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Египет менен Израилдин чек арасында кайрадан ок атышуу болду


Египеттин Синай жарым аралындагы Израил менен чек ара постуна жакын жерде куралчан адамдар ок ачып, коопсуздук аскерлери менен кармаш тутанды. Бир нече күн мурун ошол эле чөлкөмдө египеттик 16 полициячы согушкерлердин кол салуусунан окко учкан. Жергиликтүү МЕНА агенттиги атышуу түнкү сааттарга чейин созулганын кабарлады. Жарадар болгондор тууралуу маалымат азырынча жок. Египет президенти Мухамед Морси Синайды көзөмөлдү колго аларын айтып, полициячыларды өлтургөндөрдү жазалоого убада берген. АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египеттин премьери Хешам Кандилге телефон чалып, Каирдин коопсуздукту бекемдөө чараларына колдоосун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG