Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Ноокаттын айрым айылдарында сел жүрдү


Оштун Ноокат районунун айрым айылдарында 6-августтун кечинде жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Зулпуев айыл аймагында сел суусу Үчбай – Акчабуу – Жаңы-Базар унаа жолун эки жерден аң кылып жеп кеткен. Учурда жол калыбына келтирилди, ачык.

Кеңеш айыл аймагына караштуу Акчабуу айылын сугат суу менен камсыз кылган узундугу 520 метрлик арык сел калдыктарына толуп калган, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Абдуллаев көчөсүнүн 300 метр жана Медресе көчөсүнүн 600 метр жолу да сел калдыктарына, шагыл ташка толуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG