Бишкекте баласын бычактады делген эне кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициянын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева билдирди. Анын айтымында, 7-августта Бишкектеги ооруканалардын бирине ичинен бычак жеген 30 жаштагы адам түшкөн. Окуя эмне себептен болгонгу азырынча белгисиз. Кылмышка шектүү деп ал жарандын апасы кармалды. (RK)