Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Самаркандек менен Бакыян айыл өкмөт башчылары шайланат


Бүгүн Баткен облусундагы Самаркандек жана Таластагы Бакыян айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Аталган айыл өкмөт башчылары мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошогон. Бакыяндын башчысы кызматынын өз эрки менен кеткен, ал эми Самаркандекте айыл өкмөт башчысына жергиликтүү депутаттар ишеним көрсөтпөй койгон.

Ушул жылдын март айынан тарта айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоо тартиби өзгөргөн. Ага ылайык, эсептөө комиссиясы жоюлуп, кворумду жергиликтүү депутаттар өздөрү бекитет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG