Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Тоо-кен тармагындагы мыйзам долбоорлор талкууланат


Бүгүн Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тоо-кен боюнча мыйзам долбоорлор топтомун коомдук угууга алып чыгат. Анда негизинен концессия, казылып алынган продукцияны бөлүштүрүү, салык кодексине байланыштуу мыйзам долбоорлор каралат.

Өткөн жылы өкмөт тоо-кен тармагындагы саясатын оңдоп, татаал кырдаалдарды жөнгө салуу максатында көз карандысыз эксперттерден турган жумуш топ түзгөн болчу. Бул топко мыйзамдардагы алешемдиктерди аныктап, тармакты оңдоп өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоого тапшырмасы берилген.

Кыргызстанда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда араздашуу көп катталат. Экономика министрлиги учурда тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча стратегия даярдаганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG