Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Жогорку Соттун судьяларын тандоонун экинчи айлампасы аяктоодо


Сотторду тандоо кеңешинен билдиришкендей, бүгүн Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди иргөөнүн экинчи туру соңуна чыгат. Сынакка соңку алты талапкер катышат.

Экинчи турга 72 адам чыккан, алардын ичинен Сотторду тандоо кеңеши 55 талапкерди үчүнчү турга өткөрдү.

Сынактын биринчи айлампасында талапкерлердин документтери каралды. Экинчисинде аңгемелешүү болду, эми үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандалмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG