Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Экономика министрлиги: тендерден 11 миллион сом желген


Бишкек прокуратурасы Ички иштер министрлиги менен бирге Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги мамлекеттик сатып алууларды текшерди. Анда былтыр август айында Экономикалык тескөө министрлиги болуп турганда өткөрүлгөн тендерден мамлекет казынасы 11 миллион сомдон ашык каражат зыян тартканы аныкталды. Тендер өткөргөн комиссиянын төрагасына “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, өлкө кызыкчылыгынан каршы келген келишим түзгөн” деген айып боюнча кылмыш иш козголду.

Ушул жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык схемалардан улам өлкө казынасы 2,5 миллиард сомдой чыгым тартканын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG