Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Ооганстанда жайкын эл арасындагы жоготуулар азайды


Ооганстанда 2012-жылдын 6 айында былтыркыга салыштырганда жайкын тургундар арасындагы чыгым 15 процентке азайган. Мындай маалыматты БУУнун Ооганстандагы миссиясы таратты. Буга чейинки 5 жылда карапайым оогандар арасындагы жоготуулар тынбай өсүп келген. 1-январдан 30-июнга чейин 1 миң 145 жайкын адам ар кандай зомбулуктан мерт кеткен. 2011-жылы ошол эле аралыкта бул сан 1 миң 510 болчу. БУУнун ырастоосунда, өлүмдөрдүн 80 проценти үчүн согушкерлер жооптуу. Калган 10 проценти үчүн жергиликтүү армия жана эл аралык бейпилдик контингенти күнөөлүү. Ал эми калган 10 процент башка белгисиз топтордун колунан ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG