Июль Кошмо Штаттардын континенталдык бөлүгүндө эң ысык ай болду. Окумуштуулар Аляска менен Гавайини кошпогондо орточо температура 25 градусту түзгөнүн маалымдашты. Бул – 1936-жылкы рекорддон ашат. Улуттук океанография жана атмосфералык изилдөөлөр борборунун кызматкерлери бул феномендин артында Жер шарынын глобалдуу ысышы турат деп эсептешет. Адаттан тышкаркы ысык жана жаан-чачындын аздыгы кургакчылыкка, натыйжада буудай баасынын жогорулашына алып келди.