Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Назарбаев биринчи жолу Кыргызстанга мамлекеттик сапарга келет


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча 21-августта Кыргызстанга келет. Казак лидеринин бул сапары "мамлекеттик" деген статуста өтөт. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери казак президенти мындай деңгээлдеги сапарга келе элек болчу. Эки президент кызматташтыкты жана достукту бекемдөө жолдорун талкуулайт. Бир катар документтерге кол коюлаарын бүгүн Атамбаевдин маалымат кызматы кабарлады. Назарбаевдин келишине арналып Кыргызстанда казак маданият күндөрү да өтөөрү айтылууда. Бул маданий акция өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.

Дипломатиялык протокол эрежелери боюнча өлкө башчысынын кайсы бир мамлекетке сапарынын статусунун үч түрү болот - мамлекеттик, расмий жана иш сапар. Үчөөнүн максаты жана деңгээли ар башка. (RK)

XS
SM
MD
LG