Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Лондон 2012: Кытай менен АКШ лидерликти талашууда


Бүгүн Лондондо өтүп жаткан олимп оюндарынын 13-күнү өкүм сүрүүдө. Медалдардын саны боюнча 1-орунда кытайлык спортчулар баратат. Кытайдын капчыгында азыр 36 алтын, 22 күмүш жана 19 коло медаль бар. Кытайга удаа эле келаткан АКШда 34 алтын, 22 күмүш жана 25 коло медаль бар. Спорт эксперттери бул олимп оюндарынын жыйынтыгында Кытай менен АКШ мамлекеттеринин кимиси лидер болоорун кызуу талкуулап жатышат. 3-орунда Улуу Британия, 4-Түштүк Корея, 5-Орусия, 6-Германия, 7-Франция, 8-Италия, 9-Венгрия, 10-Австралия, 11-чи болуп Казакстан баратат. Медалдардын жалпы саны боюнча АКШ 81 медаль утту, ал эми Кытайда 77 медаль бар.

XS
SM
MD
LG