Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Беларус: эки журналист айып төлөдү


Беларустук 2 журналист оюнчук аю менен сүрөткө түшкөнү үчүн 360 евро айып пулга жыгылды. Ирина Козлик менен Юлия Дарашкевич шаршембиде блогчу Антон Суряпин жана ишкер Сергей Башарамовго тилектештик билдирүү үчүн Минскте оюнчук аю менен сүрөткө түшүп жаткан жеринен кармалган.

Суряпин менен Башарамов швециялык компаниянын акциясына тиешеси бар деп, өткөн айда камакка алынган. 4-июлда компания Беларустун аба мейкиндигине учак жиберип, оппозиция менен активисттерди колдоо иретинде жумшак оюнчук аюларды жерге ыргыткан.

Өткөн жумада Беларус Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарып жиберди жана ушул шаршембиде Стокголмдогу дипмиссиясын чакыртып жатканын билдирди. Президент Александр Лукашенко эки өлкө ортосундагы араздашуунун оюнчук окуясына тиешеси жок деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG