Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Жапондор Кыргызстанга сакуранын көчөтүн жөнөтөт


Былтыр зилзала менен топон суудан жабыркаган Жапониянын Мияги префектурасынын тургундары Кыргызстанга ыраазычылык айтып, сакуранын көчөтүн жибермей болууда. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Миягинин борбору Сендай шаарында кыргыз-жапон достук кечеси өттү. Ошондой эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамиленин жыйырма жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында Токиодо да достук кечелери өттү. Ага келген жапондуктар Кыргызстан жөнүндө кеңири маалымат алып, айрымдары турист катары келип кетүүгө кызыкты.

2011-жылдын март айында катуу жер титирөөдөн кийин каптаган топон суу Миягинин миңдеген жашоочусунун өмүрүн кыйган. Кыргызстан гуманитардык жардам катары бир учак таза суу жиберген.

Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 20 жыл толду. Сакура жапондуктар өзгөчө баалаган, таазим эткен алча бак. (RK)

XS
SM
MD
LG