Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Ысык-Көлдө 87 тонна кара куурай жок кылынды


Ысык-Көл облусунда "Мак-2012" операциясынын жыйынтыгы чыгарылууда. Облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" айтымында, текшерүүгө алынган 29 миң гектар жердин эки миңдейин кара куурай басып кеткени аныкталган. 438 адамдан турган 103 топ түзүлүп, 768 гектар жердеги жапайы өсүмдүк жок кылынды.

Жок кылынган кара куурайдын жашыл массасы 87 тонна 277 килограммды түздү.

"Мак-12" операциясынын алкагында ошондой эле маңзат сатуу менен алектенген 12 кылмыштуу топ аныкталды. Алардан 23 килограмм маңзат алынды. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG