Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

"Ар-Намыс" да өкмөт боюнча кезексиз жыйынга чогулат


Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясы да дүйшөмбү күнү кезексиз жыйынга чогулмай болууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Карала турган негизги маселе - өкмөткө ишеним көрсөтпөө.

Ушул эле маселени караганы дүйшөмбү күнү "Ата Мекен" фракциясы да кезексиз жыйынга чогулмай болууда. Алардын жыйыны эртең менен, арнамысчылардыкы түштөн кийин өтөт.

29-июнда, парламент жайкы эс алууга кетээр алдындагы акыркы жыйында иш күнү аяктап калганда спикерге 45 депутат кол койгон кайрылуу түшкөн. Анда өкмөттүн отставкасын талкуулоо керектиги айтылган. Бирок бул кайрылуу боюнча чечим кабыл алынган эмес.

Жогорку Кеңеш беш фракциядан турат. Депутаттардын жалпы саны - 120. (RK)

XS
SM
MD
LG