Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Жапония Сеулдагы элчисин чакыртып аларын жарыялады


Жапон деңизиндеги Лианкур аралдарына Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бактын барышы Жапониянын нааразылыгын жаратты. Бул аралдардын суверендүүлүгү боюнча Токио менен Сеулдун ортосунда талаш уланып келет. Түштүк Кореяда Лианкур аралдарын Токто деп атаса, ал эми Жапония аларды Такэсима деп атап жүрөт.

Ли Мен Бак талаш аймактарга барган биринчи лидер болуп калды. Эксперттердин маалыматында, бул аймактарда жаратылыш газынын бай запасы катылуу. Жапон жетекчилиги Түштүк Кореянын президентинин мындай кадамы эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрөрүн белгиледи. Мындан улам Түштүк Кореянын элчиси Жапониянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Ли Мён Бактын Лианкур аралдарындагы сапары Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жапониянын багынгандыгынын жылдыгын белгилөөдөн бир нече күн мурда уюштурулган.

XS
SM
MD
LG