Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Карабалталыктар кытайлык кен казуучулардын унаасын кармап турат


Кара-Балтада жергиликтүү тургундар “Суусамырда алтын казып жатышат” деп, кытайлыктардын машинесин өткөрбөй кармап турушат. Алар мындай аракети менен кендин казылуусуна каршылыгын билдирип жатышат. Бул маалыматты "Азаттыкка" “Сары-Өзөн - Чүй” коомдук бирикмесинин төрагасы Искендер Бейшембаев билдирди:

- Кечээ Суусамырдагы Кара-Булак деген жерди кытайлыктар казып жатышыптыр. Бул жактан балдар барып кытайлыктардын 7 машинасын айдап келип, Күрпүлдөк деген айылга токтотуп коюшту. Лицензияларын артка албай турган болсо, ал машинелер берилбейт. Эл “жол тособуз” деп чогулуп жатышат.

10-августта унаасын тарттырып жиберген кытайлык жумушчуларды жергиликтүү эл Бишкектеги кеңсесине жеткирип коюшкан. Азырынча алар тараптан унааларын талап кылып эч ким келе элек.

Бул жерди казууга уруксат берилгенби, чынында эле казылып жатты беле деген суроолорго бийлик өкүлдөрүнөн жооп алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (AKu)

XS
SM
MD
LG