Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери соттолот


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун 3 кызматкерине ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматкерлер кызматтык абалынан пайдаланып, айыпталуучуларга каршы күч колдонгон жана кыйноого алган деп айыпталып жатат. Аталган мекеменин кызматкерлери ушул жылдын март айында уурулукка шектелип кармалган 5 жаранды кыйноого алган. Алар тергөө абагына алынган уландарга бети ачылбаган кылмыштарды мойнуна алдыруу үчүн күч колдонушкан. Ошондой эле ага чейин тергелип жаткан 3 уурулук боюнча ишке да көрсөтмө бересиңер деп кыйнашкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG