Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Райымкулов: Кытайлыктар Кара-Булакты мыйзамсыз казып жаткан


Суусамырдагы Кара-Булак кенин кытайлык инвесторлор 2 айдан бери мыйзамсыз казып жатышканын “Азаттыкка” Панфилов районунун акими Бактыбек Райымкулов билдирди.

Райымкуловдун айтымында, 2011-жылы Кара-Булакты казган жоопкерчилиги чектелген “Элка Сервис Лимитед” деген Кытай компаниясынын лицензиясынын мөөнөтү бүткөн. Алар 2014-жылга чейин уруксатын узартканы менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин талабына ылайык долбоорлорду алып келе элек болчу. Ага жараша казууга укугу жок эле.

Бактыбек Райымкулов быйыл жергиликтүү эл коомдук комитет түзүп, алардын ишин көзөмөлдөп жаткан дейт.

- Кендин казылуусуна айылдын эли башында каршы болгон. Кийин жыйын өткөрүп, макул болушкан. Элдин койгон шарты боюнча алар жол, суу, мектеп, бала бакчаларды оңдоп беришмек, бул иштер 18 миллион сомго бааланган. Келишимде көрсөтүлгөндөй, алгачкы 5 миллион сомду 20-июлга чейин беришмек. Бүгүнкү күнгө чейин бир тыйын да которуп беришкен жок.

Чүй облусунун Күрпүлдөк айыл өкмөтүндө кен казган кытайлыктардын унаасын алып койгон эл дале чогулуп турат. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар билдирди. Алар 10-августта Суусамырдагы Кара-Булак кенин казып жаткан кытайлыктардын 7 унаасын айылга айдап келип токтотуп коюшкан. Мындай аракетин алар “жердин мыйзамсыз казылуусуна жол бербөө үчүн жасап жатабыз” деп түшүндүрүшөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG