Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13
Республикалык партиянын президенттикке талапкери Митт Ромни алдыдагы шайлоодо вице-президенттикке талапкер шериги катары конгрессмен Пол Райанды тандаганын ишембиде жарыялады:

- Пол жана мен бизди Американын ар бир бурчуна алып баруучу жүрүштү баштап жатабыз. Биз башкаруунун экономикалык өсүшкө, гүлдөп өнүгүүнүн жапырт жана чогуу болушуна, биздин жарандардын жашоосу жакшыруусуна алып баруучу туура күн тартибин сунуш кылабыз.

42 жаштагы Пол Райан - соңку он төрт жылдан бери Конгресстин мүчөсү. Учурда Эл өкүлдөр палатасында Бюджет боюнча комитетке төрагалык кылат.

Ромни ишембиде шайлоодо эң маанилүү деп саналган Виржиния, Түндүк Каролина, Флорида, Огайо штаттары боюнча төрт күндүк өнөктүк баштоодо. АКШдагы президенттик шайлоо ноябрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG