Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

АКШ жана Түркия Сириядагы козголоңчуларга жардам берүү боюнча аракеттерди кеңейтет


Клинтон жана Давутоглы Стамбулдагы басма сөз жыйында. 11-август, 2012-жыл.
Клинтон жана Давутоглы Стамбулдагы басма сөз жыйында. 11-август, 2012-жыл.
Бул тууралуу ишемби күнү Стамбулда түрк тышкы иштер министри Ахмед Давытоглы менен менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга жардам көрсөтүү үчүн башка чаралар менен катар Сириянын алар көзөмөлүбүздө деп ырастаган аймактарын учууга болбой турган аймак деп жарыялоону караштырууда.

Эки тарап макулдашкандай бул маселе али “терең талдоону” талап кылат.

- Министр жана мен бүгүн макулдашкан нерсе – оперативдик пландоону күчөтүү. Бул жаңжалдын учурунда биз тыгыз байланышта иштеп жатабыз, бирок биз оперативдик планды абдан деталдуу карап чыгышыбыз керек, ал эки өлкөнүн өкмөтүндө тең болушу абзел. Албетте биздин эки министрлик көп нерсени координациялоодо, бирок мында биздин чалгын кызматтар, армия ойноочу роль маанилүү. Андыктан муну жасоо үчүн биз жумушчу топ түзөбүз.

Хиллари Клинтон кошумчалагандай, АКШ менен Түркиянын стратегиялык милдети - Сириядагы кыянатчылыктарды токтотуу жана Башар Асаддын режими кулашын тездетүү.

Былтыр дүйнө державаларынын Ливиянын аймагын учууга болбой турган аймак деп жарыялашы бул жердеги козголоңчулар Муаммар Каддафини бийликтен кулатышында маанилүү роль ойногон.

Сириянын коңшусу Түркия Асаддын режиминин козголоңчуларга каршы көргөн чараларын кескин сынга алып келүүдө.

Өз тарабынан түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы эл аралык коомчулукту Сириянын Алеппо өңдүү өкмөттүк күчтөрдүн бомбалоосуна кабылган шаарларындагы гуманитардык кризисти жөндөөгө жигердүү катышууга чакырды.

Сириядан Түркияга оң миңдеген качкындар ооп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG