Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Аба ырайы


12-августта республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Аба ырайы

13-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоолуу райондордо жана тоо этектериндеги айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35; Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +28...+33; Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +31...+36; Ош жана Жалад-Абад облусундарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27; Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +23...+28.

Тоолордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13

Бишкек шаарында 13-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +16…+18 даража жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +33…+35.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун темперутурасы 11-августта күндүз 23 даража, 12-августта эртең менен 21 даража ысык болду.

XS
SM
MD
LG