Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Араб министрлери Сирия боюнча чукул жыйынга чогулууда


Саудиянын Жидда шаарындагы бүгүнкү жыйында Сириядагы кризис талкууланат. Ошондой эле Араб лигасынын Сирия боюнча жаңы чабарманын дайындоо маселеси каралмакчы.

Мурунку чабарман Кофи Аннан анын алты пункуттан турган тынчтык планы ишке ашпаган соң кызматтан чегинген.

Бул аралыкта Сирия бобору Дамаскта жана Алеппо шаарларында уруш уланууда.

Кечээ Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, аталган эки өлкө Сириянын оппозициясына жардам берүү боюнча деталдуу пландын үстүнөн иштөөдө.

Клинтон кошумчалагандай, Вашингтон менен Анкара президент Башар Асаддын режими кулаган учурга, химиялык куралдын колдонулуш жана качкындар саны көбөйүш ыктымалдуулугуна да даярдыктарды көрүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG