Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Лондон-2012: Магомед Мусаев чейрек финалга чыкты


Лондондо 96 кг. салмакка чейин эркин күрөш боюнча Кыргыз балбаны Магомед Мусаев жапониялык атаандашы Такао Исокаваны 3:1 менен жеӊип, чейрек финалга өттү. Чейрек финалда Мусаев 27 жаштагы Ирандык Реза Мохаммад Али Яздани менен күрөшмөкчү. Яздани өзүнүн спорттук карьерасында бир нече ийгиликтерге жетишкени маалым.

2010-жылы Азия, 2011-жылы дүйнөлүк чемпионатта биринчи орундарды алган. 23-жаштагы Магомед Мусаев Дагенстандын борбор калаасы Махачкалада төрөлгөн. Ирандык балбан менен күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:09да башталат. (ТТо)

XS
SM
MD
LG