Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

АКШ президенти "Хаккани" түйүнү боюнча мыйзамга кол койду


Барак Обама кол койгон мыйзамга ылайык, АКШ Мамлекеттик катчысы "Хаккани" түйүнүн террордук уюм катары эсептөө керекпи же жокпу деген суроого жооп- баяндаманы бир ай ичинде даярдоосу керек.

Пакистан-ооган чек арасынын эки тарабында тең аракеттенген "Хаккани" түйүнү буга чейин Ооганстанда АКШнын кызыкчылыктарына каршы бир катар чабуулдарды жасаганы үчүн айыпталган.

АКШ өкмөтү "Хакканинин" айрым чечүүчү лиделерине каршы санкцияларды киргизген, бирок Конгресстиин эки палатасынын тең чакырыктарына карабай "Хаккани" түйүнүн чет элдик террордук уюм деп таанууга каршы болуп келген.
(UE)

XS
SM
MD
LG