Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Лондон-2012: Мусаев коло медалга күрөшө албай калды


Лондон олимпиадасында 96 кг. салмакка чейин эркин күрөштө ирандык Яздани украиндик Валерий Андрейцевге 5:0 эсеби менен утулуп калды. Эгер буга чейин Магомед Мусаев менен күрөшкөн Яздани украиндик балбанды жеӊип, финалга өтсө, кыргыз балбанында коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү пайда болмок. Күрөшүү учурунда Язданы тизесин оорутуп алып, медициналык жардамдан кийин оюнду уланткан.

Андрейцев Язданини килемден чыгарып, жыйынтыкта беш балл алып финалга өттү. Эми 25 жаштагы Валерий Андрейцев финалда алтын медал үчүн америкалык 26 жаштагы Якоб Уорнер менен биринчи орунду талашат.

Ошентип 30-жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан бир да медалга ээ болгон жок. (ТТо)

XS
SM
MD
LG